• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Ат-Башы районунун аймагында милиция кызматкерлери көчмө кабылдамасы менен айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү айыл тургундары менен тыгыз иш алып барууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 21-апрель күнүнөн 29-апрель күнүнө чейин атайын түзүлгөн графикке ылайык, Ат-Башы районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Ат-Башы районундагы №21 орто мектепте бүтүрүүчү класстардын ата-энелерине жыйналыштар өткөрүлдү.

Анда майрамдык иш-чараларга мектептерде акча каражаттарын чогултпоо, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда бүтүрүүчү кечелерди өткөрүүгө тыюу салынып, эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары, окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруу, өзүн-өзү өлтүрүү, жугуштуу ооруларды, диний экстремизм жана терроризм, жол коопсуздугун алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 3 айында милициянын көчмө кабылдамасына жалпы аймактарга 38 жолу чыгып, 72 адамдан кайрылуулар кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий