• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад: Бишкек - Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда Бишкек - Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унаалар үчун каттам ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 05:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү 12 000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 МАЗ, КР ӨКМнин Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлмүнүн ыкчам тобу тартылып, саат 07:15те жол толук тазаланып ачылды.

«Арал» постунда саат 07:20да жеңил унааларга болгон каттам ачылды, оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алына элек.

Пикир

Оставить комментарий