• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башыда саат 16:00дө асманда учуучу аппарат менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт - комендант

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда саат 16:00дө асманда учуучу аппарат менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда абал туруктуу. "Азыркы учурда Дыйкан айылында дезинфекциялоо иши жүрүп жатат. Ошондой эле саат 16:00дө Ат-Башыдагы айылдарда асманда учуучу аппараттар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек

Пикир

Оставить комментарий