• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башыда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө үч мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Ат-Башы районунда “Арсенал” операциясы өтүп, анын жүрүшүндө үч мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-январында саат 19:20лар чамасында Ат-Башы районунун 1-Май айылына караштуу Чыр-Дөбө участкасында белгисиз адамдар аӊчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган Ат-Башы РИИБнүн ыкчам тергөө тобу аңчылык кылып келе жаткан үч жаранды кармаган.

Аталган факт Ат-Башы РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнин 308-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.

Натыйжада жогорудагы жарандардын жанында алып жүргөн ок атуучу куралдары мыйзамсыз экендиги жана өздөрүнүн көрсөтмөсүндө жапайы тоо жаныбарларын атып, эттерин алып келе жаткандыгы аныкталган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий