• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда бала бакчанын 60 орундуу кошумча имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында “Ак-Жар-Сезими” бала бакчасынын кошумча имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага район акими Эмилбек Абдыкадыров, айыл өкмөт башчысы Руслан Докоев, райондук билим берүү бөлүнүнүн жетекчиси Солтобев Орозмамбет, айыл аксакалдары жана башка коноктор катышты.

Белгилей кетсек, аталган бала бакча демөөрчүлөрдүн жардамы 2,5 миллиондон ашык каражатка курулган.

Айылда 400 дөн ашык бала болсо, буга чейин биринчи корпусунда 5 тайпада 115 бала тарбияланып келген. Жаңы ишке кирген бакчада дагы 60 бала тарбияланып, 14 кызматкер жумуш орун менен камсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий