• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөн - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. "Биз илгертен эле балага карата болгон баалуулуктарды аздектеген коом болуп келгенбиз. Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөн". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда сөз сүйлөп жатып билдирди.

undefined

Анын айтуусунда, Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү жаман эмес.

"Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири — балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири. Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү. Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деӊгээлде камсыз болгон", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий