• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарыхый тапшырмасын аткара алды – фонддун жетекчиси жаңы компания тууралуу

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. "Улуттук башкаруучу компания" ААКсы, мамлекет өзүнүн укуктарын мамлекеттик компаниялардын акционери катары натыйжалуу ишке ашыруусу аркылуу мамлекеттик компаниялардын корпоративдик башкаруу деңгээлин арттыруу үчүн түзүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, башкаруучу компания өкмөт менен мамлекеттик компаниялардын өз ара аракеттешүүсүнүн жалгыз каналы болушу керек.

"Кыргызстанда 106 мамлекеттик ишкана бар. Алардын отузунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционер болуп келет. "Улуттук башкаруучу компания" ААКсы 2019-жылдын күз айында ишине киришет. Анда 15 кызматкер иштейт. Каржылоо жакынкы 2 жылда гранттык каражаттардын эсебинен болот. Учурда Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди ал.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда мамлекеттик мүлктү эсепке алуу, мамлекеттик имараттарды ижарага берүү, менчиктештирүү ж.б. милдеттери калат.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарыхый тапшырмасын аткара алды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий