• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Текебаев кыргыз тилинен сынакка киргизилбесе ачкачылык жарыялашат

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү жана парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жакындары аны колдоп ачкачылык башташат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине партиянын өкүлү Калыс Боронбаев билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин тарапташтары бул аркылуу талапкер катары каттоодон өтүү үчүн аны кыргыз тили боюнча сынакка киргизүүнү талап кылышууда.

Боронбаев акциянын демилгечиси 6-7 адам экенин, эртең аларга Текебаевдин башка тарапташтары кошула алышарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Өмүбек Текебаев УКМК тергөө абагында коррупцияга айыпталып камалып турат. Кылмыш иши россиялык ишкерлер Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча козголгон. Текебаев ббул айыптарды четке кагууда.

Пикир

Оставить комментарий