• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ата мекендик ишкерлерге инвесторлорду табууга жардам берчү платформа түзүлөт

Экономика 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Ата мекендик ишкерлерге инвесторлорду, кардарларды жана өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган платформа түзүү пландаштырылууда. Мындай мүмкүнчүлүктү Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун жетекчиси Уран Темирбеков талкуулашкан.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун өтүп, анда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул өз кезегинде Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк бермекчи.

"Бул өнөктөштүктүн максаты узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Тараптар ишкерлерге инвесторлорду, кардарларды жана өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган платформа түзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу максатында бизнес-семинарларды жана окутуу программаларын уюштуруу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, кызматташтыктын алкагында көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлөт. Биргелешкен жолугушууларды, дискуссияларды, кеңешмелерди, презентацияларды жана тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда, алар эки тараптын тең өз ара кызыкчылыктарына өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий