• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Башкырстанга барган себебин айтып берди

Президент 0

Уфа, 22-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстанга келген себебин айтып берди.

Республиканын башчысы Рустэм Хамитов менен кеңири сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө А.Атамбаев бул аймакты башкыр жана кыргыздар тууган элдерден болгондуктан тандагандыгын билдирди.

“Биз тарыхыбызды жана түпкү тамырыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Мен Уфага кайрадан келгениме кубанычтамын. Мында ШКУ саммити учурунда болгом. Бул абдан жайлуу жана жашыл шаар. Биз Владимир Путин менен Уфа жана Казанга сапарларды кеңири сүйлөшүп чыкканбыз. Себеби биз баарыбыз Алтайданбыз. Биз кыргыздар да Россияны түпкү мекенибиз катары эсептейбиз”, - деди президент.

Ошондой эле, Атамбаев учурда Россияны боордош өлкөлөрдөн алыстатуу аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

“Ошондуктан мындай сапарлар эки тарап үчүн абдан маанилүү. Бул достукту бекемдейт. Учурда жалпы экономикалык мейкиндикти дагы сактап калуу зарыл”,- деди ал.

Мамлекет башчысы келечекте Уфа-Ысык-Көл жайкы чартердик каттамынын ачылышына ишеним билдирди.

“Азыркы тапта Новосибирск жана Томск каттамдары бар. Силердин жарандарга да Ысык-Көлдүн жээгине барып эс алуу шарттарын түзүп берүүгө неге болбосун. Алдыда биргелешкен иш чаралар бар, бул темада Татарстанда дагы сүйлөшөм. Эң башкысы байланышты үзбөш керек”,- деди ал.

Ошондой эле, А.Атамбаев кийинки жылы Башкырстанды Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюнунда көрүүгө ишенерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий