• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнүнө менен куттуктады.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Акыркы 5-6 жылда Кыргызстанда саясий туруктуулук орноп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. “Кыргызстан – кедей мамлекет” деген көп жылдык кемсинтүүдөн арылдык. Эң башкысы, Азиядагы эң байыр­кы калк катары тамырыбыз тереңде экенин түшүнө баштадык,социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, өзүбүздүн руханий байлыгыбызга, башатыбызга кайрылдык.Мекенибиз үчүн сыймыктануу жана жоопкерчилик пайда болду. Өз күчүбүзгө жана эркибизге ишенип калдык. Беш эле жыл мурда “Кыргызстан өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз мамлекет” дегендердин тилеги таш капты. Кыргызстанды бүгүн Борбор Азиядагы эркин элдин эркин өлкөсү деп аташат. Бул жетишкендиктерде сиздердин да опол тоодой салымыңыздар бар.

Бирок алдыбызда өнүгүүнүн дагы кыйла татаал жолу күтүп турат. Маалыматтык-технологиялык доордун, ааламдашуунун сыноолору турат. Биз жалпы элдик ынтымакты жана туруктуулукту мындан ары да бекемдөө менен күчтүү, байгер,бейпил жашоого жана эмгектенүүгө ыңгайлуу коомду курууга карай ишенимдүү кадам жасоого тийишпиз.

Мындай бийик максаттарга жетүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген кызматчылардын орду жана ролу зор. Кыргызстан эли сиздерден ак ниеттүүлүктү, мекенчилдикти, мээнеткечтикти, кесипкөйлүктү,иштиктүү чечимдер менен чечкиндүү аракеттерди күтөт.

Өлкөбүз байманасы ташыган бай мамлекет боло элек, бирок, кедей да эмес. Элибизде эркин, байгер, таза жана адилеттүү Кыргызстанды курууга чечкиндүүлүк бар. Койгон максатка жеткирүүчү багытыбызды таптык.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Биз сүйүктүү өлкөбүз Кыргызстанда гана бактылуу болобуз!"

Пикир

Оставить комментарий