• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев: Менин турмуштагы девизим – тагдырга каршы туруу

Президент 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-июлда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган республикабыздын мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мындан ары дагы билимге умтула бергиле деп чакырып кетти. ”Сиздерди жеңишиңиздер – “алтын” сертификатыңар менен куттуктайм. Билимди баарынан жогору коюш керек. Эң негизгиси – билим. Алтын сертификаттын ээси болуу – сиздерде келечекке бекем фундамент түптөлдү деген кеп. Өткөн жылдарымды эстегенде мен биринчи кезекте мектепте жакшы окуп, күнү-түнү китеп окуганым үчүн ушул даражага жетишкенимди түшүнөм. Бул жагдай ар дайым мени колдоп келген жана колдоп келет”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө Редьярд Киплингдин “Заповедь” аттуу ырын окуп берип, эч качан кыйынчылыктардан тайсалдабай, башты ылдый салбай өз күчүңөргө ишенгиле деп белгилеп кетти.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүшүнө дагы токтолуп, эне тилди, улуттук салттарды жана маданиятты сактоо керектигин белгиледи. “Анткени биз – байыркы элбиз. Акылга салбаган ишенимден корккула. Билим жолу менен гана жүргүлө. Мен араб маданиятын мисалга келтирейин. Ислам гүлдөп турганда билимге негизденген: алгебра, алгоритм, сандар арабдарда дал ошол мезгилде пайда болгон. Бирок кийинчерээк имамдар талашканга болбойт деп, билим тууралуу эстен чыгарып, ошентип артка кетишкен, -деди Президент. – Акылга салбай, Кудайга ишенимди, араб же пакистан маданиятын чаташтырганда бул чоң балаа”.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча диний радикализмге агартуу жана билим берүү жолу менен гана каршы турууга болот. “Билимсиздиктен улам өздөрүн жардырган террористтер жакшы иш жасап жатабыз деп ойлошот. Ислам боюнча өзүн өзү өлтүргөндөрдү адам катары мүрзөгө көмгөнгө болбойт. Эч качан акылга салбай кимдир бирөөнү ээрчибегиле, ар дайым күмөн санап тургула”, -деди Алмазбек Атамбаев.

“Жашоо абдан татаал. Менин турмуштагы девизим – тагдырга каршы туруу. Тагдырга каршы тургула. Чынчыл, ак көңүл, кечиримдүү болгула. Эч качан өзүңөрдү башкалардан бийик койбогула. Биз ушул өлкөдө – Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.- Бизде нефть да, газ да жок, бирок бизде билимдүү адамдар бар. Силер өлкөбүздү гүлдөтүп, кубаттуу мамлекетке айландыра аласыңар. Бизде аны үчүн баардыгы бар, биз эркин адамдардын өлкөсү болдук. Мен силердин келечегиңерге жана өлкөбүздүн келечегине ишенем”.

Президент Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөр алардын жанында туруп жардамдашып, колдоо көрсөткөндөргө, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазы болушу керек экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы мыкты бүтүрүүчүлөргө бакыт-таалай, чың ден соолук жана мындан ары дагы ийгиликтерди каалап, өлкөнүн 55 мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды. Алар Мамлекет башчысынын колунан баалуу белектерди – планшет жана 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку стипендия алышты.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын демилгеси менен жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган аймактардагы мектептердин 15 бүтүрүүчүсүнө баалуу белектер жана акчалай каражаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий