• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Миллерге “Газпром” кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдө пансионат курууну сунуштады

Президент 0

Бишкек, 29.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллерге Ысык-Көлдө ишкананын кызматкерлери үчүн пансионат курууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчысы Асанбай кичирайонундагы мектептин курулушуна капсула салуу аземинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Мен дайыма Алексей Борисовичке “Газпром” кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдүн жээгине пансионат курууну сунуштап келгем. Эгерде Москва “Газпрому” келүүнү каалабаса, кыргыз жана сибирдики бар. Бул жактан Новосибирскке чейин учууга 2 саат убакыт кетет. Аны 12 ай бою иштей тургандай кылып куруу керек”,-деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий