• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Москва собордук мечитине барды

Президент 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда, Москвадагы Собордук мечитке барып, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Равиль Гайнутдиндин жана Россия мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда намаз окулчу залды, мечиттин конференц залын, ошондой эле собордук мечиттин ичиндеги ислам музейинин экспонаттарын көрүп чыкты.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын Президентин тосуп алып, Равиль Гайнутдин Алмазбек Атамбаевдин келиши – чоң сыймык жана колдоо экендигин баса белгиледи. “Сиздин Россияга мамлекеттик сапар менен келгениңиз абдан маанилүү, ал эми Сиздин мечитке келгениңиз боордоштук катары кабыл алабыз. Сиздин Россия мусулмандарына көрсөткөн колдооңуз деп түшүнөбүз”,-деди Равиль Гайнутдин.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыктарынын ортосунда азыркы замандын коркунучтарына, биринчи кезекте радикализмге жана экстремизмге каршы боюнча өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий