• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков өлкөнүн финансылык институттарын аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери 2019-жылдын 7 айынын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө маалымат беришкен.

Атап айтканда, РКӨФ 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылаган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөнүн аймактарына багытталган. Мындан тышкары, Эркин Асрандиев кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо жана сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча программалардын ишке киргизилгени жөнүндө маалымат берген.

«Айыл Банк» 2019-жылдын 7 айында 7,7 млрд сом өлчөмүндө 34  миң 757 насыя берип, насыялардын саны 2 миң 520га өскөн. Насыялардын 72 пайызы аймактарга берилген.

«РСК Банк» отчеттук мезгилде 4,8 млрд сом өлчөмүндө 6 миң 908 насыя берген. Насыялардын саны 844кө өскөн, анын ичинде өлкөнүн аймактарына берилген насыялардын көлөмү көбөйүп, жалпы сандан 2,6 млрд сомду жана 74 пайызды түзгөн.

Кепилдик фонд 2019-жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 млн сом өлчөмүндө 264 гарантия берген. Бул 2018-жылга караганда 198 млн сомго көп. Өсүш 173 пайызды түзгөн. Гарантиялардын эсебинен банктардын берген насыялары 1,4 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 156%га өскөн.

Президент Сооонбай Жээнбеков региондордогу ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону мындан ары дагы улантуу, жаӊы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта насыяларды тез берүүнү камсыз кылуу керектигин белгилеген.

Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды — сүт, эт, тери, жүн, жер-жемиштер жана башка өсүмдүк продукцияларын сатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны кыскартуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана жайылтууга финансылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгына дагы бир жолу көңүл бурган. «Бул чаралардын бардыгы аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жатат. Өлкөнүн негизги финансы институттары болгон сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун активдүүрөк каржылагыла», — деди президент.

Пикир

Оставить комментарий