• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Россиядан жүк-200дү акысыз ташууга каражат бөлөт

Президент 0

Москва, 22-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиядагы КР элчиси Болот Отунбаевге жүк-200дү акысыз ташуу маселесин көзөмөлгө алууну тапшырды.

Россияга мамлекеттик сапарынын алкагында Москвада мекендештери менен жолугушууда мамлекет башчысы ал Бишкекке кеткенге чейин элчи бул маселе боюнча ага маалымат бериши керектигин билдирди.

“Мен жүк-200дү акысыз ташууга 5-6 млн бөлөм. Анткени ансыз да кыйналып турган адамдарды кыйнаганга болбойт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Москвадагы мекендештер коомунун жетекчиси Жамиля Бешиева учурда бардык эле авиакомпаниялар жүк-200дү акысыз ташый бербестигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий