• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 2017-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси өтөт

Билим 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 24-июнунда Бишкектеги «Жаннат Риженси» комплексинде саат 14:00 шаардык мектептердин 11-класстарынын үлгүлүү окуучуларына аттестат тапшыруу аземи болот.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы шаардык мектептердин 9-классын 9 миң 997 окуучу бүтүрсө, 11-классты 5 миң 709 окуучу аяктады. Бишкек шаарында ар жыл сайын мектепти эң жакшы деген бааларга бүтүргөн окуучулардын кечесин өткөрүү салтка айланып калды. 5709 бүтүрүүчүнүн 56сы мэрия тарабынан уюштурулуп жаткан кечеге чакырылган.

“Алтын” бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, республикалык жана шаардык бир катар сынактарынын лауреаттары бар.

Бул жылы Жалпы республикалык тесттен № 1,4,6, 12,13,15,17,23,24,26,28,29,33,48,61,67,70-мектептен 27 окуучу эң жогорку бал алган. Ал эми ЖРТда эң жогорку 236 баллды № 61 физика-математикалык мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү алган.

Салтанаттуу иш чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, муниципалдык администрация жетекчилери, мектеп директорлору жана ата-энелер коомунун өкүлү катышат. Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылгандан кийин, концерттик программа тартууланат.

Ошондой эле, ушул күнү саат 10:00дө республиканын бардык мектептеринде бүтүрүүчүлөргө 2017-жылы мектепти бүткөндүгү боюнча аттестаттар тапшырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий