• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Япониянын Киото шаарына келди

Президент 0


Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 18-ноябрда, Киото шаарына келди.

Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын байыркы борборуна Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен келишти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугушат, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор үчүн маданий программа пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий