• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев ШКУ өлкө башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

Президент 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ШКУ мүчө мамлекет башчыларын тосуп алды, протоколдук сүрөткө түшкөндөн кийин жыйындын катышуучулары тар чөйрөдө жолугушту.

Андан соң жыйын кеңири курамда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий