• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев жана Мирзиеев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүүнү тапшырышты

Саясат 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстандын Президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволоруна мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоону тездетүүнү тапшырышты.

Белгилей кетсек, Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу бүгүн Астанадагы ШКУ саммитинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын башчысы Атамбаевди жылуу тосуп алды. “Самаркандга сапарыңыздан кийин ар бир мүмкүндүктү пайдаланып жолугушуу салтка айланды. Бүгүнкү жолугушуу биздин эки жактуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын билдирет. Товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, эки өлкөнүн чектеш облустарынын байланыштары кыйла тереңдеди. Биз кайда жолукпасак дагы, алга жылыш аракеттерин жасап жатабыз”, - деди Мирзиёев.

“Биз Сизди расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырабыз. Бул жарым жыл бизде алдыга жылууга жакшы негиз бар экенин көрсөттү. Эгерде биз ишкерлик коомчулукту бириктирсек, анда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз. Эң башкысы - биздин арабызда чектин болбошу керек, ачык чек ара болушу үчүн колдон келгенди жасашыбыз зарыл”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Өз кезегинде Атамбаев Мирзиёевге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек мамилелерин бардык тармактарда бекемдөө боюнча биргелешкен иштерге даярдыгын билдирди.

Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда боордош элдердин достугунун жана тынчтыгынын чек арасы болушу керектигин өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун жыйынытыгы боюнча өлкө башчылар эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволоруна мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюуну макулдашууларды тездетүүнү тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий