• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев: Индия менен Пакистандын ШКУга кабыл алынышы уюмга жаңы дем берет

Саясат 0

Астана, 9- июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Индия менен Пакистандын ШКУга кабыл алынышы уюмга жаңы күч берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Астанада өтүп жаткан ШКУ саммитин ачып жатып айтты.

Казак президенти өз сөзүндө, “уюмдун түзүлгөнүнө быйыл 16 жыл толгонун белгиледи. “Мындай учурларда уюмдун түзүлгөн тарыхы эсиңе келет. Андан бери уюм дүйнөлүк мааниге ээ болуп, көп тармактуу кызматташууга натыйжалуу аянтча болуп бере алды. Экономикалык кызматташтык тереңдеп, биздин мамлекеттер маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдей алды”,- деди Назарбаев.

Н. Назарбаев Шанхай кызматташтык уюмунун жаңы тарыхы калыптанып жатканын, азыркы саммит алты форматтуу курамда өтүп жатканын кошумчалады. “Биз бүгүн ШКУга Индия менен Пакистандын кабыл алынышы тууралуу документтерге кол коёбуз. Шанхай кызматташтыгына жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу уюмга жаңы дем берип, анын эл аралык аренада аброюн дагы көтөрөт”, - деди ал.

Назарбаев жыйындын соңунда эл аралык терроризм менен биргеликте күрөшүү боюнча арыз кабыл алынып, экстремизмге каршы конвенцияга кол коюларын, бул өз кезегинде экстремизм менен күрөшүүдө ШКУнун маанилүү салымы болуп эсептелээрин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий