• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешти амбициялуу пландарды коюудан коркпоого чакырды

Президент 0

Бишкек, 15.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынынын ишин жыйынтыктап жатып, амбициялуу пландарды коюудан коркпоого чакырды.

Мамлекет башчысы бардыгына аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, кайсы бир жерде кескин болуп, кээде сынга алып, эмоционалдуу болду. Бирок президенттиги учурунда ал ар дайым колдоону сезип турдум. “Амбициялуу пландарды коюудан коркпогула. Ийгиликтүү ишке ашырууну бирге майрамдоо үчүн Жараткан 2040-жылга чейин жашообузду насип кылсын. Улуттук Кеңеш мындан ары да буга чейинкидей жемиштүү иштешин каалайм”, - деди Атамбаев.

Ошондой эле шайланган президент Жээнбековго таза иштеп, аны уят кылбашын каалады.

Пикир

Оставить комментарий