• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды

Президент 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Президент Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” компаниясы каржылаган дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салуу аземине катышат.

Андан кийин Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий