• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атбашы сыры Новосибирскидеги көргөзмөдө мыкты катары таанылды

Коом 0

Бишкек, 14.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Атбашы сыры Новосибирскидеги эл аралык көргөзмөдө мыкты катары таанылды. Бул тууралуу атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, Новосибирскидеги “Интерфуд Сибирь 2017” азык-түлүк жана кайра иштетүү продукцияларынын көргөзмөсүндө Атбашынын “Жанар жана Бек” компаниясы комиссиянын жогорку баасы “Көргөзмөнүн алтын медалын” эң мыкты сыр үчүн алышты.

“Эми атбашылык сыр, балдын артынан көпчүлүктүн баасына татыды”, - деп белгилеи Дегенбаев.

Белгилей кетсек, 8-10-ноябрда жыл сайын өтүүчү “Interfood Siberia 2017” көргөзмөсү өттү. Көргөзмөдө Кыргызстандын 9 компаниясы катышты: “Ак жалга” ЖАК, “Золотой Орех” ЖЧК, “Фармерс Органик Гарден” ЖЧК, “Агроэлита” ишканасы, “Кидик” ЖЧК, “Ат-Башы Сүт” ЖЧК, “Жанар жана Бек”, “Прод ИмпЭкс”, “Эрфрут”.

Бул көргөзмө Сибирдин азык-түлүк боюнча ири көргөзмөсү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий