• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.19. /Кабар/. Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

- юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;

- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине “биргелешкен ээси” жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

- чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

- ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

- бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;

- медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

- чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

- окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

- бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номерк менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий