• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган ундун сапаты текшерилди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери коюлган бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алынып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада № 56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес.

«Кант-Дан-Азык» акционердик коомунда жана «Дан» мамлекеттик ишканасында даяр продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий