• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Скульптор Абдрахманов: “Айтматовдун айкелин үчүнчү жолу жасадым”

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. “Чыңгыз Айтматовдун айкелин үчүнчү жолу жасадым. Бул мен үчүн чоң сыймык”, - дейт Москва шаарында улуу калемгердин айкелин жасаган скульптор Азамат Абдрахманов.

Ал бүгүн, 18 – декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде, - “Мындан 5 ай мурда Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги конкурс жарыялаган. Мен дагы аталган сынакка катышып, эмгектеримдин эскиздерин жонөткөм. Баардык талаптарды жоопкерчилик менен аткарганга аракет кылдым. Акырында конкурстун жыйынтыгы менен мен тандалып, айкелди жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум”, - деди.

Айкелдин жарымы Кыргызстанда, жарымы Москва шаарында жасалды. Анын ачылыш салтанатында элдин батасын угуп, бир топ эле толкундануу сезимдери пайда болду. Бул мен үчүн чоң сыймык, - деген айкелчи, - “Буга чейин улуу жазуучунун Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” комплексинде жана Талас облусунун Кара-Буура районунда коюлган айкелдери менин эмгегиме таандык”, - дейт.

Кыргызстан маданият тармагын көтөрүп, кол өнөрчүлөрдү, мыкты кадрларды даярдоодо бир топ изденүүлөр, эмгектер жасалышы керек. Биздин адистер сыртка чыгып, квалификацияларын жогорулатуусу зарыл. Буйруса келечекте көп пландарым бар жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин жасоого да аракеттенип жатам, - дейт Азамат Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий