• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азамат Байматов Бахрейн премьер-лигасынын мыкты оюнчуларынын бири болду

Спорт 0

Бишкек, 15-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Кыргызстандын футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов Бахрейн премьер-лигасынын мыкты оюнчуларынын бири болду. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан билдиришти.

Бул команданын тарыхындагы биринчи натыйжа. Азамат Байматов – Кыргызстандын курама командасынын капитаны, Бахрейн Королдугунун Чемпионатында 2 жылдан бери ойнойт. Өткөн сезондо “Ситра” футболдук клубу үчүн ойногон.

“Чемпионаттагы 2-орун клубга кийинки сезондо эл аралык оюндарга катышууга кепилдик берди. Балким Азия Чемпиондор Лигасынын квалификациясына катышуулары да мүмкүн. Азмат Байматов Бахрейндин премьер-лигасында 5 топ киргизген”, - деп белгиледи КРФФ өкүлү Наталья Угрюмова.

Ошондой эле, кечээ А.Байматов ойногон "Аль-Риффа" футболдук клубу жыйынтык матчта 2:0 эсебинде “Малкиа” ФКны утту.

Пикир

Оставить комментарий