• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Өзбекстанда машыгууларын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбандары Өзбекстанда машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Ангрен шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

Машыгуулар 8-мартта башталып, 25-мартка чейин уланат.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий