• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте киокушинкай-кан каратэ боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкекте киокушинкай-кан каратэ боюнча чемпионат өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Gym-n-Roll” спорттук оюн-зоок комплексинде өткөн турнирге 260тан ашык спортчу катышты.

Спорттук иш-чараны мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти КР республикалык киокушинкай-кан каратэ федерациясы менен биргеликте уюштурду.

Чемпионаттын максаты - каратэни жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле киокушинкай-кан каратэ боюнча Бишкек шаарынын курама командасын түзүү үчүн эң күчтүү жана келечектүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Жыйынтыгында командалык мелдеште төмөндөгүлөр жеңип чыкты:
1-орун – «Шевченко» клубу;
2-орун – «Абзамилов» клубу;
3-орун – «Тенирберген» клубу.

Пикир

Оставить комментарий