• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Макгрегор менен Мейвезер япониялык телешоуда жарышка түшөт

Спорт 0

Бишкек, 26.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бокс боюнча мурунку дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер менен UFC'нин экс-чемпиону Конор Макгрегор кайрадан таймашка чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу International Business Times билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Бул ирет эки мушкер мушташпайт. Анын ордуна эки спортчу япониялык "Супер жылдыздар" телешоусунда таймашып, чыдамкайлык, ылдамдык боюнча жарышышат. Ал телеберүү Японияда Жаңы жылга жакын көрсөтүлөт.

The Sun гезитинин маалыматы боюнча, жакынкы аралыкта Макгрегор 12 млн долларлык келишимге кол коет.

Белгией кетсек, Макгрегор 2019-жылдын аягына чейин UFC'нин алкагында беттеш өткөрүүнү каалаганын билдирген. Бирок, анын атаандашы азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий