• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар бильярд боюнча эл аралык турнирден байгелүү кайтты

Спорт 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары бильярд боюнча «Кремль кубогунун» XVI турниринде байгелүү орундарга ээ болушту.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, турнир Москвадагы «Лужники» спорт сарайында 3 дисциплина боюнча өттү: Эркин пирамида (айымдар арасында), комбинацияланган пирамида (мырзалар арасында), 10-пул (айымдар жана мырзалар арасында).

Кубокко Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларусь, Молдова, Өзбекстан жана Россиядан жалпысынан 286 спортчу катышып, 12си Кыргызстандан барды.

Мелдеш спорттун “Бильярд спорту”, “Пирамида” жана “Пул” дисциплиналары боюнча эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо, күчтүү спортчуларды аныктоо, алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Кыргызстандык спорчулардын көрсөткүчү:
Дастан Лепшаков - 2-орун;
Ызатбек Ратбеков - 3-орун;
Азиз Мадаминов - 5-орун.

Пикир

Оставить комментарий