• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Аламүдүн базарына барып келди (видео)

Коом 0


Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт троллейбуска түшүп, Аламүдүн базарына барып келди. Ал базарга барганын тасмага түшүрүп, Twitter'деги баракчасына жүктөгөн.

"Бүгүн мен Аламүдүн базарына бардым. Ал жакта Кыргызстандын меймандос, кызыктуу адамдары бар экен", - деп жазат ал.

Тасмада көрүнгөндөй, элчи эт саткандар менен сүйлөшүп, маектешкен.

Буга чейин, ал Ош базарына барып, помидор сатып алгандыгы тууралуу билдирүү калтырган.

"Бул помидорду дүйнөдөгү эң даамдуу деп эсептейм. Бирок ал Лондондо да сатылбайт болчу. Эмнеге? Анткени, даамдуу экенин карабай, алар бир өңчөй эмес экен. Бишкек 1-0 Лондон", - деп жазган элчи .

Пикир

Оставить комментарий