• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 7 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүгө 7 млрд сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 29-февралга карата төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган:

  • "Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар" беренеси боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. (алардын ичинен "Кыргызжылуулукэнерго" МИден келип түшкөн билдирмелердин негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 750 млн сом каржыланган. Бул чыгымдар жарандарыбыз үчүн жылуулук энергиясынын тарифтерин мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жылуулук менен жабдуучу ишканаларынын чыгымдарын компенсациялоого каралгандыгын белгилей кетүү зарыл);
  • Бийик тоолуу аймактарда, алыскы зоналарда жашаган калкка электр энергиясын төлөө боюнча 50 пайыздык жеңилдикти компенсациялоого 184 млн сом каралган жана январь-февраль айларына карата 62,3 млн сом каражат бөлүнгөн;
  • бюджеттик уюмдарга республикалык бюджеттин эсебинен көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 430,3 млн сом каралган, анын ичинен январь-февраль айлары үчүн 2,6 млн сом каражат бөлүнгөн;
  • Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан чыгымдарга 3,5 млн сом каралган. 29-февралга карата иш жүзүндөгү чыгаша 568,8 млн сомду түздү, анын ичинен электр энергиясын төлөөгө – 462,2 млн сом, жылуулук энергиясын төлөөгө – 95,8 млн сом жана жаратылыш газын төлөөгө-10,7 млн сом;
  • 2024-жылга республикалык бюджеттин эсебинен жергиликтүү бюджеттик каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясына кеткен чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом суммасында каражат каралган. Январь-февраль айларында 296,6 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий