• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Анын сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Пикир

Оставить комментарий