• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ажылык сапарга аттанган 4 миң 315 ажы эмдөөдөн өттү

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргызстанда ажылык сапарга аттангандардын 4 миң 315и эмдөөдөн өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эскертек кетсек, 27-июндан тартып зыяратчыларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталган болчу.

Жалпысынан зыяратчылардын саны 4 миң 585 адам. Алардын 4 миң 315и эмдөөдөн өттү. Бишкек шаарында 278 адам, Чүй облусунда 502 адам, Талас облусунда 40 адам, Нарында 26 адам, Ысык-Көлдө 65 адам, Ош облусунда 1 миң 798 адам, Жалал-Абад облусунда 931 адам, Баткенде 444 адам, Ош шаарында 446 адам жана штабдан 55 адам.

Эмдөө иштери уланууда. Зыяратчыларды эмдөө 20-июлда токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий