• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окуучуга кысым болсо ата-энелер коомдук кеңешке кайрылса болот - Тентиева

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мектеп окуучуларына мугалимдер тарабынан кысым көрсөтүлсө ата-энелер коомдук кеңешке кайрылса болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрайымы Айнура Тентиева билдирди.

Ал учурда мектептерде өзгөчө Бишкекте төлөмдөрдү чогулткан ата-энелердин бирикмелери бар экенин айтты.

“Алар коомдук бирикме болгондуктан юридикалык жактан мектепке тиешелүү эмес. Булар ыктыярдуу коомдук бирикмелер, ыктыярдуу төлөмдөр болот. Бирок анда чогулган каражаттар мектептин керек жарагына жумшалып жатат. Юридикалык жактан алып карасак мамлекет мындай төлөмдөргө тыюу сала албайт”,-деди ал.

Ошондой эле, Тентиева айрым учурларда мугилмдер тарабынан кысым көрсөтүлгөн жагдайлар катталат деп кошумчалады.

“Мындайда ата-энелер бизге маселени түшүндүрүп кат жүзүндө кайрылышса болот. Биз аны карайбыз жана мугалимди же башка жоопкер адамдарды жумуштан кетирүүгө чейин барабыз. Ошондой эле, мектептин директору, төлөмдөрдү чогултууну көзөмөлдөгөндөр дагы жоопкерчилике тартылат”,-деди Тентиева.

Эскерте кетсек, бүгүн билим берүү жана илим министрлигинде коомдук кеңештин кеңсеси ачылды.

Пикир

Оставить комментарий