• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министрлигинде Италиянын бизнес делегациясы менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Италиянын Беневенто шаарындагы Кыргызстандын жаңы дайындалган ардактуу консулу Антонио Кастиелло баштаган италиялык бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, делегацияны Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев коштоп жүрдү. Жолугушууга ошондой эле төмөнкүдөй иш алып барган италиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты:

- Matter Economy srl, "жашыл курулуш" жана Кыргызстанда "BIM" прогрессивдүү технологиялык моделдерин киргизүү чөйрөсүндө - имараттарды/курулуштарды долбоорлоо, куруу жана башкаруу процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш маалыматтык моделдөөгө адистешкен;

- Airmec компаниясы - абаны тазалоо үчүн технологиялык системаларды өндүрүү, ошондой эле жылуулук электр станциялары жана кичи ГЭСтер аркылуу кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрөт;

- "Trivellazioni Italia Srl" компаниясы - жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, карьерлерди казуу, артезиан скважиналарын бургулайт;

- "Италияда жасалган" брендин дүйнөгө жайылтуу үчүн италиялык бренддик кийим өндүрүүчүлөр менен кызматташып жаткан модельер А.Ламбиазе. Ал аймактык текстиль комбинатынын ээси.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары, калдыктарды кайра иштетүү жана биогаз өндүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инновациялык ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды киргизүү максатында адистерди окутууну уюштуруу боюнча эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле италиялык өндүрүштү Кыргызстанда жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министрдин орун басары Үсөнбекова Кыргызстан мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана жогоруда аталган багыттар боюнча Италия менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды белгиледи.

Ал бизнес-чөйрөнү, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча салыктык жеңилдиктер жана преференциялар, КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жаатында кыргыз тарап тарабынан өбөлгө түзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, италия тарап долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү кошулат деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий