• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта 81 жаштагы кемпирди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Ноокатта белгисиз жарандар пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ак-Булак айылында күйүп кеткен үйдүн жер төлөөсүнөн кемпирдин сөөгү табылган.

Жерине келген ыкчам-иликтөө тобу каза болгон жарандын өздүгүн аныктап, ал Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну экендигин тактаган. Ал киши колдуу болгон.

Учурда маркумдун эмнеден улам каза болгондугун аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралууда.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий