• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиада-2018: Кыргызстандын байге куржунунда 17 медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын аякташына саналуу гана күндөр калды, ал ортодо Кыргызстандын спортчулары байгелүү орундарды багындырышууда.

Бүгүнкү күндө өлкө эсебинде 17 медаль бар, медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 21-орунда турат.

Азия оюндарында алтын медалды Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу) менен Дарья Маслова (жеңил атлетика) тагынды.

Экинчи орун (күмүш) – Магомед Мусаев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу). Дарья Маслова 5 миң метр аралыкка чуркап, күмүш медаль утуп алды.

3-орун (коло) - Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндери күрөшү), Айпери Медет кызы (кыз-келиндери күрөшү), Амантур Исмаилов (грек-рим), Узур Джузупбеков (грек-рим күрөшү), Данияр Токуров (пенчак силат), Иззат Артыков (оор атлетика), Абдурахманхаджи Муртазалиев (жиу-житсу), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Жолдошбек Акимканов (пенчак силат).

Ошентип, Кыргызстандын байге куржунунда учурда 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль бар.

Эске сала кетсек, мелдеш 18-августта старт алган, 2-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий