• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Токмок” футболдук командасы аймактык лиганын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. “Токмок” футболдук командасы Кыргызстандын аймактык лигасынын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Токмок шаарынын борбордук стадионунда 12-ноябрда аймактык лиганын финалдык этабынын жооптук беттеши болуп, “Токмок” жана “Тепе-Коргон” командалары беттешти. Беттештеги эсеп оюндун 3-мүнөтүндө “Тепе-Коргондун” чабуулчусу Ырыс Нурматовдун атаандаштарынын дарбазасына киргизген голу менен ачылды. Токмоктуктар атаандаштарына Азамат Жоомартбековдун голу менен жооп кайтарышты. Ошентип, эсеп 1:1 менен аяктады.

“Тепе-Курган” командасынын экинчи голун кайрадан Ырыс Нурматов киргизди. Токмоктуктар беттештин 73-мүнөтүндө эсепти теңдөөгө жетише алышты, Ислам Мумузиев өз командасынын чабуулун жыйынтыктады.

Турнирдин жобосуна ылайык, конокто гол эрежесинен улам “Токмок” Кыргызстандын аймактык лигасынын чемпиону болду.

Беттештин мыкты оюнчулары деп “Тепе-Курган” футболдук клубунун чабуулчусу Ырыс Нурматов жана “Токмоктун” чабуулчусу Азамат Жоомартбеков табылды.

Пикир

Оставить комментарий