• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогуна тандоо: Сингапур Мьянманы ири эсепте жеңди

Спорт 0

Бишкек, 14.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Сингапурдун курамасы Мьянманын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болуп, Сингапур атаандашын 6:2 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

F тайпасындага акыркы оюн Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда болот. Ал бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда башталат.

Пикир

Оставить комментарий