• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу. Оюн эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Спорт 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогунда оюн эрежелерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында турнирдин башкы калысы Рамис Жайлымышев билдирди.

Анын айтымында, оюндарды мурдагыдай үчөө эмес, беш калыс тейлет.

"Бир бөлүк 15 мүнөткө созулат. Мурда беттештер 20 мүнөттөн 3 бөлүк менен өтүп келген. Ошондой эле эми тайказанга салым болгондон кийин оюнчу оюн талаасынан чыгып кеткенге чейин аттын үстүндө болуусу шарт, буга чейин бул так жазылган эмес", - деди ал.

Жайлымышев кошумчалагандай, учурда тайказан дагы жаңы форматта жасалууда жана ал оюнчулар үчүн максималдуу коопсуз болмокчу.

Эскерте кетсек, 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүнө кубогу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Пикир

Оставить комментарий