• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык гимнасттар Казакстандан 4 медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 30-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык гимнасттар Казакстандагы мелдештерде 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 26-29-мартта Шымкент (Казакстан) шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Байдиндин мемориалына арналган спорттук гимнастика чемпионаты өткөн.

Мелдештерге 142 спортчу катышкан. Негизинен көпчүлүгү Казакстандан. Кыргызстандан машыктыруучу Александр Ткачуков жетектеген болгону 4 гимнаст катышты.

Гимнасттардын мелдештеринин жыйынтыгы:

1-орун – Нурсултан Мамашарипов – 3-чоңдор бөлүгү, (54,6 балл);

2-орун – Салих Джукеев – 1-өспүрүмдөр бөлүгү, (52,8 балл);

3-орун – Роман Пак – КМС, (78,2 балл);

3-орун – Эмиль Ткачук – 3-чоңдор бөлүгү, (53,75 балл).

Пикир

Оставить комментарий