• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы курулуп жаткан борбордук мечиттен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков менен биргеликте Бишкек шаарындагы курулуп жатан борбордук мечиттен кабар алып, курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Борбордук мечиттин курулушу менен болгон таанышуу учурунда «Комаш» курулуш компаниясынын жетекчиси аткарылып жактан иштер боюнча маалымат берип, учурда курулуш ишине тиешелүү бир топ иштер бар экендигине токтолду. Ошондой эле, мечиттин жертөлөсүндөгү иштер боюнча тааныштырып, курулушчулар бардык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит Орто Азиядагы ири мечиттердин бири болгондуктан курулуш иши сапаттуу жана жарандар үчүн бардык шарттары менен болуусу керектигин айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым жакындан жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мечиттеги курулуш иштери менен таанышуу учурунда Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар тараптуу колдоо көрсөтүп жактандыгына токтолуп, биргеликте аткарыла турган иштер бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий