• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт жана жолдор министри ведомствонун подрядчыга канча карызы бар экендигин айтты

Коом 0

Бишкек, 16- февраль /Кабар/. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун куруп жаткан “Лон Хай” компаниясынын подрядчысына ведомствонун карызы канча экендигин айтты.

Анын айтымында, подрядчыга болгон жалпы карыз 211 млн сомду түзөт.

“Биз жакында 100 млн сомду төлөйбүз. Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду автожолунда аткарылган иштердин көлөмүн тактоо, заказчы менен подрядчынын дебитордук жана кредитордук карыздарын аныктоо үчүн карызды төлөө убактылуу кармалып турду. Бул пландык иш”,-деди министр.

Ошондой эле, ал мында эч кандай саясат жоктугун белгиледи.

“Мында подрядчыга Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан эч кандай басым болбогондугун белгилеп кетем”,-деп кошумчалады Ж.Калилов.

Белгилей кетсек, мындан мурда министр туристтик сезондун башталышына чейин автожол оңдолуп бүтөрүн айткан.

Пикир

Оставить комментарий