• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Еврокомиссиянын төрагасы Ж.К.Юнкер менен жолукту

Президент 0

Брюссель, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту.

Жолугушуу Кыргызстандын өлкө башчысынын Бельгия жана Германияга иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында өттү.

Мындан мурда А.Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Фредерика Могерини жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолуккан.

Жолугушууга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Президенттин аппаратынын тышкы саясий бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси, КРнын Брюссель шаарындагы европа коомчулугунун комиссиясындагы туруктуу өкүлү Асеин Исаев жана Президенттин кеңешчиси Калыкбек Султановдор катышты.

Пикир

Оставить комментарий