• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирде өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү катчылыгынын "Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу" аталышындагы 4чү эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин дин иштери боюнча башкармалыгы (Муфтият) уюштуруп, ага 73 мамлекеттен Азирети Муфийлер, дин аалымдары катышып, дүйнө жүзүндө салттуу Ислам дининдеги фатванын орду, фатванын жаңылануусу темаларынын алкагында докладдарын окушууда.

"Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу" аталышындагы 4чү эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин Азирети Муфтийи доктор Шавки Ибрагим Абдель-Карим Аллам ачып берип, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган бүткүл дүйнөлүк фатва берүү катчылыгынын курамына ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык конференция 3 күнгө созулуп, анын алкагында бардык катышуучулар фатва маселесине тиешелүү суроолорду талкуулашып, анын коомдогу ордун жана тынчтыкты сактоодогу максатын терең карап чыгышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий