• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандагы алгачкы АЭСтин курулушу 11 миллиард долларга бааланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. 18-19-октябрь күндөрү Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга барып, өлкөдөгү алгачкы АЭСтин курулуш аянтынын ачылышына катышат.

16-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тодакөл суу сактагычына жакын жерге атом электр станциясын куруу тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди бекитти. Станция Беларуста салынып жатканАЭСтикине окшогон орусиялык долбоор боюнча курулат. Кремль анын курулушун 11 миллиард долларга баалады.

АЭС Бухара шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Тодакөл аймагында курулат. Бул жерди тандоодо анда суунун бардыгы, сейсмикалык жактан пассивдүү экендиги жана инфраструктура системаларынын жакындыгы эске алынган.

Орусиянын «Росатом» ишканасы эки энергоблоктон турган комплекс курууну пландап жатат. Кубаттуулугу 2300 МВт түзгөн АЭС өлкөнүн электр энергияга болгон суроо-талабынын 20% жабат деп күтүлүүдө. Өзбек бийлигинин эсеби боюнча атом электр станциясы 4 миллиард куб метр жаратылыш газын үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт.

Жергиликтүү экологдор Өзбекстанда атом энергетикасынын пайдаланыла тургандыгына байланыштуу тынчсызданууларын билдирип, бийликке АЭСтин альтернативасын сунушташууда. Алардын айтымдарында, өлкө субтропикалык аймакта жайгашкандыктан, күн панелдерин орнотууга мүмкүн болгон жерлер көп. Бирок жашыл технологиялардын кымбаттыгы коопсуз энергетика долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук кылууда.

Буга чейин Борбор Азия аймагында АЭС Казакстанда гана болгон. 1973–1999-жылдары Актауда кубаттуулугу 350 МВт түзгөн атомдук электр станциясы иштеп турган. Учурда өлкөдө АЭС жок, бирок Астана менен Москванын ортосунда өлкөдө кеминде эки атом электр станциясын куруу тууралуу макулдашуу бар.

Пикир

Оставить комментарий