• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар. Ош облусунун Өзгөн районундагы Жаза айыл аймагынын Жеренчи айылында “Honda CR-V” үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, унаа жолдон чыгып кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык кечээ, 16-октябрда болжол менен саат 10:48дер чамасында катталган.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам жеңил жаракат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук ооруканага жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий